Uighur Karakalpak Kazakh Uzbek Deutsch (DE-CH-AT)Kyrgyz (CIS)Russian (CIS)English (United Kingdom)
Home Киришүү Көп берилүүчү суроолор

Көп жолу берилүүчү суроолор:

Эгуг бут суроолордун жоопторун окугуңуз келсе ушул ссылканы басыңыз.

“Социалдык жана маданияттык түрдө багып алуу” деген эмнени билдирет?

- Борбор Азияда кызмат кылган убакыттын ичинде, бул жактын адамдары аңгемелерди жакшы көрүшөрүн түшүндүм. Эгер катуу систематикалык доктриналар аркылуу жана догматтык теология менен окутсаң, адамдар жакшы түшүнүшпөйт. Жергиликтүү досум айтканда, мен таң калгам: “Биздин жыйындагы чет жерлик насаатчылардын баары эмне айткылары келгенин билбейм. Аларды түшүнбөйм.” Эгер оозекинин ар кандай деңгээлдери жөнүндө билгиңиз келсе, жолдомо бөлүмүн караңыз.
- Борбор Азияда электр жарыгы кышында көп өчүрүлөт. Эгер сиз жогорку технология болгон видео прожекторго, компьютерге же телевизорго таянсаңыз, белгисиз бир убакта караңгыда отуруп калганыңызды көрөсүз. Биз кичинекей бир жарык менен эле караңгылыкта окутуу өткөнбүз жана жогорку технологиясыз эле баталуу чогулуш болгон.
- Лидерлер көбүнчө Кичинекей Топторго да насаат айтууну жакшы көрүшөт. Ошондой болсо да, өзгөчө жаш муундар өздөрү үчүн руханий байлыктарды ачканды жакшы көрүшөт.

“Экономикалык олуттуу”, дегендин мааниси кандай?

Ыкма алгач Борбор Азия контексти үчүн даярдалган. Бул жактын эли айына орто эсеп менен 150 АКШ долларынан жогору эмес айлык алышат. Кичинекей Топтордун лидерлери айына 50 доллар же кээбирлери андан да аз алышат. Эгер ушундай абалда окуу куралынын баасы бир айлыктан жогору же анын жарымы болсо, адамдар аны сатып алышпайт. Руханий Бешбармак Тамагын принтерден басып чыгарууга бир доллардан аз акча кетет жана бул сага бир же андан көп жылга окуу куралы болуп бере алат.

“Тез кайталануучу”, дегендин мааниси кандай?

Жергиликтүү семинарда окуткан бир мугалимди билем. Ал жакшы окуткан, бирок кийин ал мага мындай деди: “Мен ушундай жогорку деңгээлде окуттум жана бул лекцияга даярданыш үчүн мен үч башка тилдеги китептерди колдондум. Бул жакшы лекция болду, бирок эч ким менин лекциямды кайталай албайт.” Биз эмне кылсак да, жергиликтүү ишенүүчүлөр аларды кайталай алгандай болуш керек. Семинардагы студент мага бир жолу мындай деди: “Мен жыйын баштап же жыйын ачканга эч нерсе кыла албайм, себеби гуманитардык жардамга эч кандай мүмкүнчүлүгүм жок.” Дагы кайталайм, эгер жергиликтүү адамдар муну кайталай албаса, биз башка ыкманы тандашыбыз керек.

Эмне үчүн ар бир адам окуу куралдарын принтерден өткөргөнгө өзү төлөш керек?

Бул ыкманы ар бир адам, ким болбосун кайталай алганы маанилүү. Эгер бай адам келип баары үчүн төлөп койсо, жарды адам аны аягында кайталай албай калат. Эгер сен окуу куралдары үчүн төлөгүң келсе, чыныгы кызыгууңду көрсөтөсүң. Эгер адамдарда чыныгы кызыгуу болбосо, адамдар акчаларын башка нерселер үчүн колдонушат. Андан тышкары бир жолу принтерден чыгарган материал бир группага жарайт, бирок ар биринде бирден көчүрмө болсо жакшыраак болмок.

“Куугунтукта бекем туруу”, деген эмнени билдирет?

Машайакчыларды кугунттуктоо дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө болуп жатат. Дүйнөнүн жарымынан көбү машайакчыларды куугунттуктаган өлкөлөрдө жашашат. Машайакчыларды кугунттуктоо Борбор Азияда да болуп жатат. Эгер сиз машайакчылардын абдан жакшы китептери үчүн китепкана ачсаңыз, мамлекет аны тез арада жабып салышы ыктымал. Борбор Азияда китепкананы мамлекет өзүнө алып алган учур болгон. Эгер козголоң чыкса китепкананы талкалап салышы мүмкүн. Эгер чоң жыйын курсаңар, Борбор Азияда болгондой аны алып коюшу мүмкүн. Ошондуктан эмне кылсаңар да куугунттукка туруштук бере ала тургандай болушу керек. Руханий Бешбармак Тамагын жашырун жерде оңой катып койсо болот. Сиз бул материалды үйүңүздөгү бөлмөңүзгө жашырып койсоңуз болот. Бул материалдын стратегиясы ар бир адамдын өсүүгө катышып жана өскөнгө мүмкүнчүлүк алышына басым жасайт. Ар бир адамга жетекчи болгонго убак келет, андыктан сиз көптөгөн жетекчилерди окутасыз. Эгер жетекчини камакка алса, башкалары Руханий Бешбармак Тамагы менен улантып кете алышат.

Эмне үчүн аңгемелерди “хронологиялык тартип” менен окуйбуз?

Ыйык Жазууну окуп баштаганда, көбүнчө Жакан же Лука жазган жакшы кабардан баштоону сунушташат. Эгер Башталыш жана Чыгуу китебиндеги окуялардан баштап окубасак, Кудай сени жаратканын, сен күнөөкөр экениңди жана күнөө жазаланарын кантип түшүнөсүң? Бул окуяларды билбесе адамдар күнөөкөр экенин жана куткаруучуга муктаж экенин кантип билишет?
Эгер сиз мусулман болгон адамдар менен иштесеңиз, бул ыкманы колдонуу менен 18 аңгемени Ыйса жөнүндө айта электе эле окуп бересиз. Сиздин угуучулар Кудайдын мүнөзүн билип калышат. Жаңы Келишимде Ыйса жөнүндө окуганда, алар Кудай ким экенин билип калышкандыктан, өз алдынча эле Ыйса ким экенине жооп бере алышат.

Батыштын окумуштуулары көбүнчө систематикалык мамиле кылышат, ал эми Батыш менен Борбор Азиядагы жөнөкөй адамдар багындыруу жолу менен эмес, жыйындын жолу менен ойлонушат. Андыктан аңгеменин артынан аңгеме Библиялык Теология боюнча түшүнүк берип турат. Эгер сиз жыйын менен багындыруунун терминдери жөнүндө көбүрөөк билгиңиз келсе, Викпедиядагы оозеки жөнүндөгү абдан кызыктуу статьяны окуп чыгыңыз.

“Өткөн нерсе менен болгон байланыш”, эмнени билдирет?

Ыйык Китепти изилдеп жатканда, көп учурда катышуучулар кийинки тексттерди же Ыйык Жазуунун башка китептерин, эч качан окушпаса да абдан күтүшөт. Ыйык Жазууну көптөн бери, балким көп жылдан бери окуп жүргөндөр жаңы окуп баштагандар үчүн тоскоолдук кылган артыкчылык болушат. Эгер сиздин тобуңузда Ыйык Жазууну жаңы билип келе жаткан адам бар болсо, сиз жетекчи катары мурунку белгилүү тексттер менен байланыш жүргүзүлгөнүн билишиңиз керек. Эгер андай болбосо бул ыкма иштебейт. Бул өтө эле тоскоолдук болуп калышы мүмкүн.

Эмне үчүн мугалим “эң көп дегенде берилген убакыттын 20 % гана” сүйлөшүшү керек?

Сиз ар бир адамга руханий байлыктарды өз алдынча таап чыкканга жардам бергениңиз абдан маанилүү. Ар бир адам катышканга шыктандырышы керек.

Эмне үчүн катышуучулар ”руханий байлыктарды” өздөрү таап чыкканы маанилүү?

Бул ыкма башында биргелешкен маданияттык иш үчүн чыгарылган. Көп учурда жетекчилер катышуучулардын жашоолорунун бүт тармагын биле алышпайт. Бул өзгөчө биргелешкен маданияттык иште чындык. Адамдар тексттерден сиз эч качан билбеген ойлорду ачышарын тажрыйба кайра-кайра көрсөтүүдө. Алар өз маданиятына жана жашоо шартына жараша, өздөрү үчүн маанилүү болгон суроолорду ачышат. Бул нерселерди эң жакшы насаатчы да ишке ашыра албайт, себеби алардын жашоосун билбейт.
Руханий Бешбармактын символунда төртүнчү бармак нике шакегине окшогон алтын шакекке ээ. Көп өлкөлөрдүн маданиятында нике шакеги төртүнчү бармакка тагылып, адамдын башы бош эместигин билдирип турат. Үйлөнгөн адам үчүн анын жары эң чоң байлык болуп саналат, алар жылдан жылга бири-бирин тереңирээк жана жакшыраак таанып биле башташат. Биздин Теңир менен болгон мамилебизде да ушундай болот. Мамилебиз жылдан жылга өсүш керек, ал эми буга Бешбармак Тамагы жардам бере алат.

Тексти Ыйык Жазууну же дептериңизди жаап, оозеки кайталаган кыйын эмеспи?

Тажрыйба боюнча адамдар башында уялышат. Жетекчи катышуучуларга басым көрсөтпөөсү маанилүү. Жетекчи өзү жакшы мисал бериш керек. Андан кийин катышуучулар аңгемелерди айтканга ачык жана даяр болуп калышат. Бул андан тышкары мээни да иштеткенге жакшы көнүгүү. Эгер сиз муну бир нече жолу кылсаңыз, улам жеңил боло баштайт.

“Бүгүнкү күнгө колдонуу” эмне үчүн маанилүү?

Ыйык Жазууну Изилдөө бул жыйынтык эмес. Бир максат – бул Теңир менен жакын мамиле түзүү. Экинчи максат – бул алган билимибизди күнүмдүк жашообузга колдонуу. Башында жаңы катышуучулар үчүн кыйын болот. Дагы айтабыз, чыдамдуу болгула. Өзүңөрдү жакшы мисал кылып көрсөткүлө. Убакыт өткөндөн кийин адамдар кызыктуу колдонууларды таап башташат.

Бүгүнкү күндөгү графикалык колдонуу “эски ишеним, эски жашоо”, деген эмнени билдирет?

Машайактын жолдоочулары болуп калгандан кийин же Кудай менен жашап баштагандан кийин деле адамдар эски ишениминде же эски жашоосунда жашай беришет. Алар жаңы ишенимин жашоолорунун ар бир аспектисине жана бардык мамилелерине колдонгонду үйрөнүүлөрү керек. Эски ишеним, эски дүйнөлүк көз караш жаңыдай эместигин түшүнүүлөрү керек. Мисалы Борбор Азиянын кээ бир маданиятында Кудай же Теңир алыс жакта. Ал адамдарга кам көрбөйт. Ыйык Жазуудагы тирүү Кудайдын мүнөзү таптакыр башкача. Ал биз үчүн кам көрөт жана биз менен мамиледе болгусу келет.

Ыйык Жазууну башка бөлүктөрү, мисалы Пайгамбарлар, Забур же Жаңы Келишимдеги каттар жөнүндө эмне десек?

Руханий Бешбармак атайын, көп адамдарга түшүнүктүү болгондуктан аңгемелерге басым жасайт. Борбор Азиянын маданиятына негизделип, аңгемелер төмөнкү суроолорго ылайык тандалган: Кандай тоскоолдуктар жана көпүрөлөр бар?
(Эскертүү: Автор Пайгамбарлар, Забур жана Жаңы Келишимдин каттарын да Ыйык Жазуунун бөлүгү катары, Ыйык Жазуунун 66 китеби катары карайт.)

Бул ыкма, Ыйык Жазуунун бардык бөлүгүн камтыбагандыктан туура эмес окутууну чыгарбайбы? (A)

Руханий Бешбармак бир нече убактын ичинде Библиялык Теологияны курат. Бардык маанилүү окутуулар аңгемелердин ичинде бар. Биздин убактагы эң чоң теологиялык суроо бул: “Кудайга бир гана жол барбы? Ал эми башка диндерчи?” Силер Ыйсаны жалгыз жол деп айткан Жакан 14:6 же Эфестиктерге 2:18 менен талашып тартыша аласыңар. Жээ Нухту колдонуп, мындай деп сурасаңар болот: Ким куткарылган? Куткарылганга канча жол бар эле? Же Чыгуу китеби 12-бөлүмдөгү Пасахты түшүндүрүш үчүн, автордун жакшы көргөн аңгемесинин бирин колдоно аласыңар. Бардык тун уулдарды өлтүргөн Периштенин сотунан аман калыш үчүн, бир гана жол болгон. Периште Кудайга ишенип жана эшиктердин кашегине козунун канын сыйпап койгондордон кыя өтүп кеткен, ал жердеги тун уулдар өлбөй, аман калышкан. Сиз бул аңгемени ырайымдуу түшүндүрүш үчүн да колдонсоңуз болот. Бул аңгемелер куткарылууга бир гана жол бар экенин көрсөтөт.

Бул ыкма, өтө эле ачык ыкма болгондуктан туура эмес окутууну чыгарбайбы? (B)

Эгер сиз башкаларды кичине эле контролдоп, кийин өссүн деп, өз алдынча иш кылганга мүмкүнчүлүк берип койсоңуз, дайыма жаңылыштык болуп каларынан шек жок. Эгер сиз катышуучуларга бийлик бергиңиз келсе бул – кооптуу. Бул окуп чыккан адамдын бир топту жетектегениндей эле – кооптуу. Жада калса автор да, биз да өз кызматтарыбызда катачылыктарды кетиребиз жана алар аркылуу үйрөнөбүз. Топто өзүнүн катачылыктарын оңдогонго жакшы шарт бар. Өсүп калган мүчөлөргө ээ болгон топ – жетекчи көз карандысыздыкты жаратып жана мүчөлөрдү өстүрбөй кармап турганга аракет кылган секталардан эмес.

Азыр ыкма менен баштаганга жакшы убакыт, бул жерди басыңыз же окуу куралы. Эгуг бут суроолордун жоопторун окугуңуз келсе ушул ссылканы басыңыз.